Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:20

Буга Донбасстагы кырдаалдын курчушу негиз берди. Порошенко өзүнүн администрациясына Авдеевкадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Үч тараптуу байланыш топторунун жыйынын даярдоону тапшырды. Бул тууралуу Украинанын президенттик администрация башчысынын орун басары Константин Елисеев 5-каналга курган маегинде билдирди.

Үч тараптуу байланыш топторунун жыйыны 1-февралга белгиленген. Бирок Елисеев жыйын андан да чукул болуусу зарылдыгын билдирди.

29-январда Донбасстын бир нече заводдор жайгашкан Авдеевка районунда жикчилдер менен айыгышкан кармаш жүргөнү, эки тарап тең жоготууларга учураганы айтылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG