Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:58

Өкмөт башчы аймактарда иш жакшы жүрбөй жатканын сынга алды


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков (оңдо).

Өткөн жылдын жыйынтыгына арналган жыйында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча өкмөттүн тапшырмасы аткарылбаганын, бул боюнча жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштерди начар деп баалады.

Премьер-министр инвестицияларды тартуу, мамлекеттик курулуш, тейлөө тармагынын ишин жана айылдарды дотациядан чыгаруу боюнча иш-аракетти жетишсиз деп белгиледи. Сооронбай Жээнбеков кызматтык милдетин тийиштүү деңгээлде аткара албаган жергиликтүү жетекчилерге катуу чаралар көрүлөрүн айтып кетти:

-Эл жергиликтүү жетекчилердин, сиздердин кылган ишиңиздер боюнча жалпы мамлекеттик бийликтин ишине баа берет. Өзүңүздөрдүн натыйжасыз ишиңиздер аркылуу жалпы өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп жатасыздар.

30-январда өкмөт өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды. Анда жалпысынан өкмөттүн ишине оң баа берилди. Ага ылайык, ИДП иш жүзүндө 3,8% түздү, экономиканын дээрлик бардык тармагы болжолдуу көрсөткүчтөргө жетишип, айрымдары андан жогору көрсөткүчкө ээ болгон. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 100,4% түзгөн.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG