Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Hurriyet: Кыргызстандагы университет террордук уюм менен кызматташат

Hurriyet басылмасындагы кабар
Hurriyet басылмасындагы кабар

Стамбул прокуратурасы Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университетин террордук уюмдун ишмердигин жайылтат деп маалымат таратты.

Hurriyet басылмасы 30-январда тараткан кабарга ылайык, түрк прокуратурасы Фетхуллах Гүлендин “террордук уюмуна таандык” деп чет элдеги университеттердин тизмесин жарыялады. Арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Румыния жана башка мамлекеттердеги биргелешкен окуу жайлар бар.

Түркия прокуратурасынын маалыматына ылайык, "бул университеттер Гүлендин уюмунун максаттарын жайылтуу максатында ачылган".

2016-жылдын жайында Түркияда төңкөрүштү Фетхуллах Гүлендин кыймылы жасаганы айтылып, бийлик анын уюмун террордук деп тапкан. Гүлен бул айыптоону четке кагып келет. Андан бери миңдеген кишилер камакка алынып, иштен бошотулду.

Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети 1996-жылы ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG