Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Сарпашев: Бакиевдин жеринин сатылышында күнөөм жок


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык жердин сатылып кетишинде Мамлекеттик каттоо кызматынын күнөөсү жок экенин аталган мекеменин башчысы Тайырбек Сарпашев билдирип, сот жооп бериши керектигин айтты.

Ушул тапта Бакиевдердин мүлктөрү боюнча депутаттык комиссия Ак үйдө жыйын курууда. Комиссия мүчөлөрү Мамлекеттик каттоо кызматынын күнөөсү бар экенин белгиледи. Бирок Сарпашев аны четке кагууда.

Жыйынга баш прокурордун орунбасары Кылыч Токтогулов дагы башка аткаминерлер катышууда.

Сарпашев Бишкекте Максим Бакиевге таандык 1 гектардан ашуун жер 2 миллион 500 сомго башка колго сатылганын бышыктады. Ал эми жердин базар баасы 3 млн доллар экени аныкталды. Жерди Элдияр Туратбеков аттуу жаран сатып алган.

Максим Бакиевдин Бишкектин чок ортосундагы бир гектардан ашык жери өткөн айда сатылып кеткени жакында ачыкка чыккан.

18-январда Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштары Алексей Елисеев, Алексей Ширшовдорго таандык делген, камакта турган мүлктөр боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссия төрагасы Канат Исаев жерди сатууга прокуратура, сот аралашканын, муну күбөлөр менен сүйлөшүп, аныктаганын белгиледи.

Комиссия мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов Максим Бакиевдин бир гектардан ашуун жерин сатууга Мамлекеттик каттоо кызматы түздөн-түз аралашканын билдирүүдө.

Прокуратура өкүлү Кылычбек Токтогулов аталган жер 2014-жылы камоодон чыгып кеткени 2016-жылы августта гана билингенин, учурда иликтөө жүрүп жатканын айтты. Анын белгилешинче, эгер жер мыйзамсыз камактан чыгарылганы аныкталса, райондор аралык соттун судьясына кылмыш иши козголот.

XS
SM
MD
LG