Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

1-февралга аба ырайы


Кыш.
Кыш.

Кыргызстанда 3-февралга чейин көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде бурганак болот. Ош, Жалал-Абад аймактарында бак-даракка жана электр зымдарына суу кар жармашат.

Тоолуу жолдорго кар күрткү топтолуп, кар көчкү коркунучу бар. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

1-февралда тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...+4,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кар жаашы ыктымал. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -6...-8, күндүз +2...+4 градус болот

XS
SM
MD
LG