Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көп өлчөмдө жардыргыч зат жабдууларын алып жүргөн жаранды кармады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, 37 жаштагы адам 28-январда колго түшкөн. Андан жалпысынан 42 кг жардыргыч затка кошулчу заттар табылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (курал, ок-дары, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо, колдонуу) менен кылмыш иши козголду.