Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:05

Киев өнөктөштөрүн Орусияга басым көрсөтүүгө чакырат


ЕККУнун өкүлдөрү Авдеевка шаарынын тургуну менен сүйлөшүүдө, 30.01.2017

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Донбасстагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу эл аралык өнөктөштөргө кайрылып Орусияга басым көрсөтүүгө чакырды. Соңку күндөрдөгү аткылашуулардан Авдеевка жана Ясиноватая шаарларында 400 миңдей киши катуу суукта суусуз, электр жарыгысыз, жылуулуксуз калды. Орусиячыл жикчилердин чабуулдары гуманитардык кырдаалдын начарлашына жеткирди. Украин өкмөт башчысы Владимир Гройсман жергиликтүү телеканалдардын биринен сүйлөгөндө кризисти жөнгө салуунун бардык варианттары, анын ичинде аймактагы тургундарды эвакуациялоо каралып жатканын айтты.

Адвеевкадагы чукул кырдаалдан улам президент Петро Порошенко 30-январда Германиядагы сапарын кыскартып Киевге кайтып келди. Өлкө чыгышындагы абал 29-январда жикчилер украин аскерлеринин Авдеевка өнөр жай зонасындагы позицияларын алууга аракеттенгенде кескин курчуп кеткен. Эки күндүн ичинде укрианалык сегиз жоокер окко учту, 30га жакыны жараланды. Орусия артында турган жикчил күчтөр болсо ок атышууну украин аскерлери баштаганын билдиришет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG