Бишкектин “Дордой” футбол командасы менен түркмөндөрдүн “Балкан” клубунун беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Оюн Азия конфедерациясынын кубогунун алкагында бүгүн Ош шаарында өттү.
Эки команда эми 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында ойнойт. Уткан команда “Хосилот” (Тажикстан) жана “Шахин Асмаи”(Ооганстан) беттешинин жеңүүчүсү менен таймашат. Андан жеңип чыккан клуб Азия конфедерациясынын кубогунун тайпалык этабына жолдомо алат.