Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Президенттик аппарат Атамбаевдин байлыгы тууралуу Текебаевдин сөзүнө жооп берди


.
.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин байлыгына байланыштуу билдирүүсүнө президенттик аппарат жооп кайтарды. Маалыматтык саясат бөлүмүн башчысы Алмаз Үсөнов ​Текебаевди “адал акчаны морадерлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат” деп сындады.

Билдирүүдө Атамбаев алгачкы миллиондорду жүз миңдеген нускада китеп чыгаруу менен иштеп тапканы, ал китептерди вагондоп Орусияга жана башка республикаларга жөнөтүп турганы айтылат. Андан тышкары ар кандай ишканалардын акцияларын сатып алганы, президенттин байлыгы адал экени белгиленет.

Өмүрбек Текебаев президентке расмий кайрылуу жолдоп, байлыгы тууралуу маалымат сурарын бүгүн Жогорку Кеңеште өткөргөн басма сөз жыйынында билдирген.

Текебаев Атамбаевдин буга чейин көп айткан “байлыкты мага кудай берген” деген сөзүн сындап, мурда мамлекет башчыга тиешелүү деп айтылган фирмаларда үлүшү жоктугу аныктаганын кошумчалаган. Ошондой эле мамлекетке канча салык төккөнүнө кызыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG