Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Украинанын чыгышында абал кескин курчуп кетти


Засядко көмүр кенинде камалып калып чыккан кенчилер
Засядко көмүр кенинде камалып калып чыккан кенчилер

Үч күндөн бери өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилердин кармаштары уланып келатат. Тараптар Авдеевкадагы салгылашуудардын күчөшү үчүн бири бирин айыпташууда. Украин куралдуу күчтөрү соңку 24 саатта үч аскери окко учканын билдирди. Бирок кеп 30-январда каза тапкан жоокерлер тууралуу жүрүп жатабы же жокпу түшүнкүсүз. Маалыматта ошондой эле 24 аскер жана бир нече карапайым тургун жарадар болгону айтылган. Жикчилер болсо Донецк шаарын аткылоодон электроэнергия берген жабдуу керектен чыкканын, натыйжада Засядко көмүр кени электроэнергиядан кесилип, 200дөй кенчи жер алдында калганын айтышууда. Кийин бир нече кенчи тышка чыкканы маалым болду.

Ал тапта облус губернатору Авдеевка шаарынын калкын көчүрүү планы иштелип жатканын билдирди. Соңку күндөрдөгү аткылашуулардан Авдеевка жана Ясиноватая шаарларында 400 миңдей киши катуу суукта суусуз, электр жарыгысыз, жылуулуксуз калды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG