Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Туск: АКШнын тынчсызданткан билдирүүлөрү - ЕБ үчүн сырткы коркунучтардын бири


Доналд Туск.
Доналд Туск.

Европа кеңешинин төрагасы Доналд Туск АКШ президентинин администрациясы жасаган "тынчсыздандыруучу билдирүүлөр" Еврошаркет туш болгон сырткы коркунучтардын бир бөлүгүн түзөөрүн билдирди.

3-февралдагы саммитти утурлай блоктун мамлекет башчыларына жолдогон катында Туск "мурда болуп көрбөгөндөй коркунуч" жаратып жаткан маселелерге жооп кайтарууда уюм мүчөлөрүн биримдикке чакырды. Төрага "дүйнөдө жана Европанын айланасында жаңы геосаясий кырдаал" түзүлгөнүн белгилеп, барган сайын өктөм болуп бараткан Кытай, Орусиянын Украина жана башка кошуналарына агрессивдүү саясаты, согуштар, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы терроризм менен башаламандык, радикалдуу ислам жана Американын жаңы администрациясынын "тынчсызданткан билдирүүлөрү" келечегибизди өтө бүдөмүк кылууда деди.

"Вашингтондогу өзгөрүүлөр Европа биримдигин кыйын абалга кептеп жатат, жаңы администрация Американын соңку 70 жылдагы тышкы саясатын кайра карап чыгып жаткандай, америкалык досторубузга алардын урааны менен жооп беребиз: биригип гана ийгиликке жетебиз, бөлүнүп жарылсак уттурабыз", - деди Туск.

XS
SM
MD
LG