Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:00

Бишкекте төртүнчү кабаттан секирген 8-класстын окуучусу каза болду


Бишкектен Чыгыш-5 кичирайонунда сегизинчи класстын окуучусу төртүнчү кабаттан секирип жан берди. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев окуя бүгүн, 1-февралда таңкы саатта төрттө болгонун билдирди. Маркум өспүрүм №12 мектептин окуучусу. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Акыркы күндөрү баш калаада балдарды өлүмгө түрткөн тармактык “оюн” жайылууда. Интернет аркылуу "Көк кит" аталган, түрдүү хэштег менен тарап жаткан бул опурталдуу "оюн" өспүрүмдөрдү жан кыюуга үндөөгө багытталганы айтылып жатат. Буга чейин Орусияда пайда болгон.

Бишкекте жанын кыйган баланын өлүмүнө ушул апаат себеп болгонбу же башкабы - азыр анык эмес. Милиция бул версияны да териштирип жатат.

Бир күн мурда Ички иштер министрлиги тармактык оюндан улам жандан кечкен окуялар каттала электигин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG