Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Милиция “Көк кит” азгырыгын көзөмөлгө алууга чакырды


Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды “Көк кит” аталган виртуал оюнга азгырылуусун көзөмөлгө алууга чакырды. Адистердин айтымында, аталган опурталдуу оюн балдардын аң-сезимине терс таасир тийгизип, өз жанын кыюуга жеткирет. Милиция кызматкерлерине эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп директорлоруна ушул жаатта ата-энелердин чогулушун өткөрүүнү, интернеттеги социалдык тармактарга кызыккан балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Ата-энелерге балдары колдонгон смартфон жана планшеттерди карап, кайсыл сайттарга кирип жатканын текшерип туруу сунушталды. Күч тармагындагы иликтөөчүлөр эгер бала профилинде сүрөттүн ордуна ар кандай сандарды коё баштаса, кооптуу кырдаал жаралып калганынан кабар берээрин айтышууда.

Акыркы күндөрү баш калаада балдарды өлүмгө түрткөн “оюн” жайылууда. Интернет аркылуу “Көк кит” деген аталыштагы түрдүү хэштег менен тарап жаткан бул опурталдуу "оюн" өспүрүмдөрдү жан кыюуга үндөөгө багытталганы айтылат. Буга чейин оюн Орусияда пайда болгон. Азгырыкка илинген балдар таңкы саат төрттөн өткөндө жанын кыйышы ыктымал.

Бир күн мурда Ички иштер министрлиги тармактык оюнга катышып, өмүрүн кыйган окуялар каттала электигин билдирген.

Бүгүн таңкы саат төрттө Бишкекте 8-класстын окуучусу төртүнчү кабаттан секирип, каза тапты. Анын өлүмү аталган оюн менен байланыштуу болуп-болбогону териштирилип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG