Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Албек Ибраимов мэрликке расмий киришти


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго бүгүн, 1-февралда шаар башчы мандатын расмий тапшырды.

Мэрдин күбөлүгү Борбордук шайлоо комиссиясынын 30-январдагы токтомунун негизинде берилгенин шаар бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл 11-январдагы шайлоодо шаардык кеңештеги 45 депутаттын 29у Албек Ибраимовду колдогон. Атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добуш алган. Эки депутат баарына каршы болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG