Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Коопсуздук кеңеш Украинанын чыгышындагы абалга тынчсызданууда


Кагылышта жарадар болгон жоокерди ооруканага жөнөтүү.
Кагылышта жарадар болгон жоокерди ооруканага жөнөтүү.

БУУнун Коопсуздук кеңеши чыгыш Украинаагы кырдааалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирип, атышууларды токтотууга үндөдү.

Украина сунуш кылган билдирүүнүн долбоорун колдогон кеңеш ал өлкөнүн суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдорун кайталады. Буга чейин Украина демилгечи болгон долбоорлорго каршы болуп келсе, бул ирет каршылыгын билдирген жок.

Москва менен Киев соңку күндөрдөгү чыңалуу үчүн бири бирин айыпташууда. Коопсуздук кеңеши Украина боюнча эмки жыйынды 2-февралда өткөрмөкчү.

Ал тапта Авдеевка айылынын жанында орусиячыл жикчилдер украин аскерлеринин позицияларын аткылаганы кабарланууда. Украинанын аскердик операциялар штабынын мааалыматына караганда, алар ГРАД ракета системасын, артиллерияны, гранатомет, чоң калибрдеги пулемет жана башка курал-жарак колдонушкан.

Адвеевка шаарынын айланасындагы абал 29-январда, жикчилдер стратегиялык өнөр жай зонасына чабуул башташканда курчуп кеткен. Козголоңчулар украин аскерлери алардын турумдарын аткылоодо деп айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG