Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:26

Лех Валенса коопсуздук органдары менен кызматташканын четке какты


Лех Валенса.

Польшанын мурдагы президенти, Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лех Валенса коопсуздук органдары менен кызматташкан деген айыптоолорду четке какты. Жакында Польша элине каршы кылмыштарды иликтеген улуттук комиссия эксперттерге таянып, Валенса атайын кызматтардын жашыруун агенти болгон деген документтер чын болуп чыкканын билдирген. Ал кагаздарды былтыр мурдагы ички иштер министри, генерал Чеслав Кищактын жесири тапшырып берген. Графологдор 200дөй беттен турган документтерди текшерип чыгып, алар жасалма эмес деген бүтүмгө келишти.

Валенса ал иш "Солидарность" профсоюзуна көлөкө түшүрүү үчүн коммунисттик бийлик тарабынан атайылап уюштурулган деди:

- Кысым көрсөтүлбөсө, графолог карандай калпты бышыктабайт эле. Мен буга чейин да айткам, документтер кайдан пайда болгонун да жакшы билишпейт. Кищак протоколдор менен сурактарга ишенчү эмес, өзү жашыруун уккандарга эле ишенчү.

Активист жана укук коргоочу Валенсанын коопсуздук органдары менен кызматташуусу жөнүндөгү билдирүүлөр 1990-жылы эле айтылган. 10 жылдан кийин Варшава соту дооматтарга негиз жок деген чечим чыгарган.

Польшалык оппозиционерлер сөз болгон комиссияны бийликтеги партия менен кызматташып, саясий заказдарды аткаргандыгы үчүн айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG