Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Кырсыкта жабыркагандарга 54 млн сомдон ашуун акча чогулду


Банк эсеби
Банк эсеби

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине бүгүн, 1-февраль саат 17:00гө карата 54 миллион 569 миң 760 сом түшкөнү расмий кабарланды. Акча топтоо уланууда.

Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу. Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот: 0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

Ал эми гуманитардык жардам чогултуу токтотулду.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле. (SE)

XS
SM
MD
LG