Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Орусияда ФСБнин эки кызматкери чыккынчылык үчүн айыпталууда


Владимир Аникеев
Владимир Аникеев

Орусиянын Коопсуздук кызматынын – ФСБнин эки офицерине жана "Касперский лабораториясынын" кызматкерине мамлекеттик чыккынчылык айыбы тагылды. Бул тууралуу адвокат Иван Павловго шилтеме менен Интерфакс кабарлады.

Адвокат сөз "Касперский лабораториясынын" бөлүм башчысы Руслан Стоянов, ФСБнин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Михайлов жана орун басары Дмитрий Докучаев тууралуу жүрүп жатканын тактай кетти. Алар орусиялык жогорку аткаминерлердин жеке электрондук почталарын бузуп кирүү иши боюнча камакка алынган.

Буга чейин алты кишинин, анын ичинде журналист Владимир Аникеевдин кармалганы маалымдалган. РИА Новости өз булактарына таянып Аникеев тергөө менен кызматташып жатканын, анын иши өзүнчө каралганын жазды.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков ФСБ кызматкерлинин камалышын АКШ тараптан айтылган хакердик чабуулдар жөнүндөгү айыптоолоруна тиешеси жок деп шаршембиде билдирди.

XS
SM
MD
LG