Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Украинанын чыгышындагы абал курчуду


Украинанын чыгышында кырдаал курч бойдон калууда. Өлкө бийликтери бир суткада бир жоокери окко учканын, 9 аскер жана бир карапайым киши жарадар болгонун билдирди.

Авдеевка шаарынын айланасындагы атышуулар үчүн өкмөттүк аскерлер менен орусиячыл жикчилдер бири бирин айыпташууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү аймактан 175 киши, ичинде 88 бала автобустар менен эвакуацияланганын кабарлады. Аткылоолордон көптөгөн жашоочулар кычыраган суукта электр жарыгысыз, таза суусуз, жылуулуксуз калды.

"Ассошейтед Пресс" агенттиги жикчилердин колундагы Донецктин тургундарына шилтеме менен күнү-түнү эки жакка оор техника ташылганын маалымдады. Козголоңчулар Донецк жана Макеевкада 2 карапайым киши набыт кеткенин айтышууда.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 31-январда Чыгыш Украинадагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирип, ок атууну токтотууга үндөгөн.

Москва менен Киев соңку күндөрдөгү чыңалуу үчүн бири бирин айыпташууда. Коопсуздук кеңеши Украина боюнча эмки жыйынды 2-февралда өткөрмөкчү.

XS
SM
MD
LG