Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча түз байланыш ачылды


Түз байланыш телефондору аркылуу интернеттеги опурталдуу оюндар боюнча адистер кеңеш беришет. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, 111 номуру жалпы республика боюнча, ал эми 185 номуруна Бишкек шаарынын тургундары чалышса болот.

Телефон аркылуу байланыш да, кеңеш алуу да акысыз. Мындай чечим 1-февраль күнү вице-премьер-министр Чолпон Султанкулованын жетекчилиги менен өткөн жыйында кабыл алынды. Вице-премьер-министр бүгүнкү күнү коомчулуктун бүйрүн кызытып жаткан виртуалдык кооптуу оюндар өспүрүмдөрдүн арасына тарап кетпеси үчүн болгон күчтүн баарын жумшоону тапшырды. Султанкулова бул маселеге тартип сактоо кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук кылдат көңүл буруп, алдын алуу чараларын көрүүгө тийиш.

Интернеттеги “көк кит”, “сен оюндасың”, “өлүм тобу” деген сыяктуу суицидге үндөгөн оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келген. Өткөн жылы мындай оюндардын кесепетинен 15 чакты өспүрүм өз өмүрүн кыйган соң Орусиянын коопсуздук кызматы мындай виртуалдык оюндардын түзүүчүлөрүнүн бири – Филипп Будейкону кармаган.

1-февраль күнү таңга жуук Бишкекте 8-класстын окуучусу 4-кабаттан секирип, көз жумган. Айрымдар баланын өз жанын кыюусу ушундай виртуалдык оюнга кирүүнүн жыйынтыгы болушу ыктымалдыгын айтып жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG