Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Москвадагы автокырсыкта аман калган кыргызстандык ооруканада


Москва. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

22 жаштагы Кылычбек уулу Бекбол Москвадагы Пирогов атындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Орусиядагы элчиликке таянып, Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, калган жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтар такталууда.

Учурда окуя болгон жерде элчиликтин кызматкерлери иштеп жатышат.

Бүгүн кечке жуук Орусия борборунун Жаңы Москва аймагында УАЗ жана "Тойота" үлгүсүндөгү жеңил автоунаалары кагышып, андан сегиз адам каза болгондугу кабарланган. Алардын биринде Кыргызстандын жарандары бар экендиги айтылууда.

15-январда Саратов облусунда жеңил автоунаа менен жүк ташуучу унаа кагылышып, андан борборазиялык жети мигрант каза тапкан. Алардын төртөө кыргызстандык, экөө өзбекстандык жана бирөө тажикстандык экени кабарланган.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG