Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Бишкекте киттер менен баланын сүрөтү тартылган граффити боелду


Буга чейин граффитинин автору - DOXA чыгармачылык бирикмеси сүрөттүн интернеттеги опурталдуу оюндарга таптакыр тиешеси жоктугун фейсбуктагы баракчасында маалымдаган.

Кечке жуук сүрөт тартылган дубалдын бети толугу менен ак боёкко боёлду. Азырынча граффитини боёо кимдин колунан келгени белгисиз. Сүрөттүн авторлорунун бири Сергей Келлер фейсбуктагы баракчасына муну өтө өкүнүчтүү окуя катары сыпаттады.

Борбор калаанын Панфилов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде дубал бетине эки кит менен баланын сүрөтү эки жыл мурда тартылган. Бул чыгарманын интернеттеги суицидге үндөгөн опурталдуу оюндарга байланышы барбы деген суроо акыркы күндөрү социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG