“Кентавр” деп аталган тасманын дүйнөлүк бет ачары Берлиндеги эл аралык кинофестивалда, 10-февраль күнү болот. Тасма фестивалдын “Панорама” деген бөлүгүнө киргизилген. Бул тууралуу киноиликтөөчү Гүлбара Төлөмүшова маалымдады.
Тасманын башкы каарманы Кентавр аттуу карапайым киши. Ал кыргыздарды байыркы грек мифтеринде айтылып жүргөн кентаврлардын тукуму деп эсептейт жана кыргыздар өздөрүнө калтырылган осуяттарды бузуп, башка элдер менен каршылашканы үчүн каргышка калган деп ойлойт.(ZKo)