Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Түркмөнстанда сыртта билим алган студенттерге акча жиберүү оорлоду


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөн бийлигинин жаңы жобосу боюнча, окуунун баасы көрсөтүлгөн маалымдама кагазсыз каражат которууга болбойт. Маалымкатта жазылган суммадан ашык акча салууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда билим алган түркмөнстандык студенттер кабарлашууда.

- Маселен, окуунун баасы 200 доллар турса, үйдөгүлөр бул суммадан ашык акча сала алышпайт,- деди Беларуста окуган студент.

Орусияда окуган студент окуу жайдын маалымкаты жок акча которуу гана эмес, өлкөдөн чыгууга да тыюу салынганын билдирди.

Түркмөнстанда чет мамлекеттерге акча которуу машакаттуу иш. Ал үчүн акча жөнөткөн киши күбөлүгүн көрсөтүп, жашаган жеринен, кирешесинин көлөмү тууралуу маалымат бериши керек.

Ошондой эле сырттан Түркмөнстанга акча жөнөтүү да оор. Акча ала турган адам каражат жөнөткөн кишинин кирешелери жана аны менен тууган экенин аныктаган документтерди көрсөтүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG