Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

Британ парламенти Евробиримдиктен чыгууну колдоду


Лондон.
Лондон.

Британ парламенти Евробиримдиктен чыгуу боюнча мыйзамга добуш берди. Общиндер палатасында экинчи окуудан колдоо тапкан мыйзам долбоору премьер-министр Тереза Мэйге Евробиримдик уюмунун жетекчилиги менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укук берет.

Мыйзам долбоорун башкаруучу консерваторлор менен бирге эле оппозициянын көпчүлүк бөлүгү да колдоду. Документ кийинки аптада палатанын профилдүү комитеттеринде каралат. Андан кийин Лорддор палатасына жиберилет.

Тереза Мэй шаршембиде билдиргендей, 2-февраль күнү Евробиримдиктен чыгуу боюнча өкмөттүн планы жарыяланат. Анын ичинде Евробиримдик өлкөлөрүнүн Британияда жашап жаткан жарандарына болочокто берилүүчү макам да аныкталат.

Мэй башкарып жаткан өкмөт Брекситти парламенттин макулдугусуз эле баштоо укугуна жеткен, бирок өткөн аптадагы Жогорку соттун чечими аны жокко чыгарган.

Былтыр 23-июндагы референдумда Британия жарандарынын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгууну колдогон.

XS
SM
MD
LG