Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:25

Парламентте тамеки чеккендерге шарт түзүү сунушталууда


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов парламент имаратында тамеки чеге тургандар үчүн атайын жай уюштурууну суранды. Мындай сунушун бүгүн жалпы жыйында билдирип, тамеки тарткандардын жоругун уят деп сыпаттады:

-Депутаттарга, алардын жардамчыларына жана башкаларга тамеки чеге турган жай кылалы. Бөлмөдө чегишет, ажатканада чегишет. Уят эмеспи!​

Бекешов буга чейин да коомдук жайларда тамеки тартуу адебин калыпка салуу маселесин көтөргөн.

Кыргызстанда 2007-жылы коомдук жайларда тамеки тарткандарга админстративдик жоопко тартуу эрежеси кабыл алынган. Бирок ал ишке ашкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG