Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Депутат: Ак үйдө майыптарга шарт начар


Иллюстрация
Иллюстрация

Ак үй имаратында майыптарга түзүлгөн шарт талапка жооп бербейт. Айрыкча пандустар ыңгайсыз экенин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов бүгүн парламент жыйынында айтты.

Эл өкүлү спикерге кайрылып, маселени чечүүнү сунуштады. Депутаттын айтымында, жардам сурап келген майып кишилер имаратка кирүүдө кыйналышат, айрым учурларда арабаларын кызматкерлер көтөрүп өйдөгө чыгарышат.

Ак үй имаратында президенттик аппарат менен парламент жайгашкан.

Кыргызстанда башка коомдук жайларда да майыптар үчүн шарт жоктугу сынга кабылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG