Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

“Кыргызтелекомдун” жетекчисин иштен бошотуу чечими кабыл алынды


"Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасы.
"Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасы.

“Кыргызтелеком” ишканасынын Директорлор кеңеши мекеме жетекчиси Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Бекзат Үсөнканов “Азаттыкка” билдирди.

Былтыр казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү интернеттин кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген.

Эшеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн жокко чыгарып, келишимди аргасыздан, казак тарап интернет берүүнү токтотуп салабыз дегенден кийин түзүүгө барганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG