Ысык-Көлдүн Түп районунда балык уулоого чыгып, көлгө чөгүп кеткени айтылган эки кишинин жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болууда. Алар издөө-куткаруу иштери жакшы жүрбөй жатканын айтып, нааразылык иретинде бүгүн жол тосууга камынып жатканын билдиришти.
Кудургу айылында топтолуп турган эл менен райондук акимчиликтин өкүлдөрү сүйлөшүп, Бишкектен кошумча күч келип жатканын билдиришти. Маалыматка караганда, мурдараак Жети-Өгүздө сууга чөккөн балыкчыларды издеп-табуу иштеринен соң суучулдардын айрымдары эс алууга чыгарылган.
Түптүн Күрмөнтү айылынын эки тургуну 31-январда Кудургу кыштагы тарапка балык уулоого кетип, дайынсыз жоголушкан. Издөө иштерин куткаруучулар менен кошо ыктыярчылар да жүргүзүүдө. (AsM)