Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Чыгыш Украинада кагылышууда эки аскер набыт болду


Авдеевка шаарчасынын тургундары
Авдеевка шаарчасынын тургундары

Соңку 24 саатта Орусия колдогон жикчилдер менен кагылышууда эки аскер набыт болуп, 10 жоокер жарадар экенин Украина аскер бийликтери 2-февралда маалымдашты. Чыгыш Украинада акыркы жумада тутанган кагылышууларда сегиз аскер өлгөнү маалымдалган. Жикчилдер өз кезегинде Донецкини аткылоодон эки тынч жаран жарадар болгонун 1-февралда кечинде маалымдашты. Кагылышуу Донецкиге жакын Авдеевка шаарчасынын айланасында болуп жатат. Кыш чилдеде тутанган кагылышуу тургундарды электр энергиясы, суу жана жылуулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан. Ассошейтед пресстин 2-февралдагы маалыматы боюнча шаарчаны суу жана жылуулук менен камсыздоо жарым-жартылай калыбына келтирилди. (AiT)

XS
SM
MD
LG