Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Европарламент Грузияга визасыз режим киргизүүнү колдоду


Грузия жарандарынын Шенген зонасына визасыз келип-кетүүсүн колдоп Европарламенттин көпчүлүк депутаттары 2-февралда добуш берди. Депутаттардын 553ү макул деп добуш берсе, 66 каршы, 28 добуш берген эмес. Бирок техникалык маселелерге байланыштуу Грузия жарандары март айынын аягына чейин Европа Биримдигине визасыз келе албайт.

Грузия көптөн бери визасыз режимге жетишүүгө аракеттенип, бирок Европа Биримдиги тарабынан анын создуктурулушуна нааразы болуп келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG