Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Украина чыгышында көптөгөн курмандыктарга жана гуманитардык абалдын оорлошуна алып келген кагылышууларды токтотуу үчүн жикчилдерге таасир этүүгө Москваны үндөдү.
“Орусия агрессиясы Украина чыгышында жараткан проблеманы биздин эсибизге кайрадан салды. Кагылышуулар токтотулуп, ок атпоо келишими сакталыш керек деп эсептейт”,-деди Туск 2-февралда.
Акыркы 24 саатта Чыгыш Украинадагы кагылышууларда эки украин аскери окко учуп, ону жарадар болгон. Жикчилдер менен украин аскерлеринин кагылышуусу Донецкинин жанындагы Авдеевка шаарчасында жүрүүдө. Атышуулар тургундарды суусуз, электрсиз жана жылуулуксуз калтырды. 2-февралда суу жана жылуулук айрым жерлерде бериле баштаганы кабарланды. (AiT)