“Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүшмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын катчылыгынан маалымдашты. Айрым маалыматтар боюнча, ушундай эле маселе бүгүн “Республика Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларында да каралары күтүлүүдө.
2-февралда өкмөт Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берген. “Ата Мекен”, “Республика Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери өкмөттүн ишин сындап, ага ишенбөөчүлүк демилгесин көтөрүшкөн.
Азыркы өкмөт курамы 2016-жылы апрель айында түзүлгөн. Акыркы жети жылдагы сегизинчи өкмөт.(ZKo)