Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Анталиядагы кыргызстандык кызга түрктөрдөн жардам келүүдө


Кыргызстандык бейтаптын оор абалын интернеттен көрүп билген анталиялык түрк жараны Халит Мерт дароо ооруканага жетип барган. Ал өзү жетектеген Анталия-жардам платформасынын баракчасы аркылуу видео тартып социалдык тармактар аркылуу элден жардам сураган.

Бейтап жаткан "Акдениз" университетинин ооруканасы мамлекеттик медициналык мекеме. Андыктан анын күнүмдүк керектелчү буюмдарын жана төрт саат сайын трубка аркылуу берилчү суюк тамагын бейтапкана каржылабайт. Ал эми Маликанын апасы күнү-түнү кызынын жанында, бирок жатканга керебети жок. Бир креслодо отуруп уктап кызын караганга туура келет. Халит Мерт ооруканадагы жагдайды өзү көрүп келген:

- Апасы Кыргызстандан эми эле келгендиктен бул жакта эч кандай кирешеси жок. Азыр колунда өтө аз гана акчасы калыптыр. Мен видеону баракчама койгондон баштап эле туш тараптан материалдык жардам беребиз деген жарандар чалып башташты.

Оорукана мамлекеттик болгондуктан негизинен Түркияда бейтаптын жанында каралашкандар түнкүсүн үйлөрүнө же туугандарына кетишет.

23 жаштагы Малика Ноотиева 21-декабрда сабалып, эс-учун билбеген абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Аны сабаган деген шек менен бир түрк жараны кармалып, дагы экөө издөөгө алынган. Ишти Анталиянын прокуратурасы тергеп жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG