Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Түркмөнстанда президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды


Шайлоо даярдыгы.
Шайлоо даярдыгы.

2-11-февралда Түркмөнстандын чет өлкөлөрдө жашаган жарандары президенттик шайлоо үчүн добуш бере башташты.

Буга чейин Түркмөнстандын Орусиядагы элчиси Батыр Ниязлиев 2-11-февраль аралыгында өлкөнүн чет жактардагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө мөөнөтүнөн мурда добуш берүү уюштурулуп жаткандыгын айткан. "Жалпысынан 2579 шайлоо тилкеси ачылат, анын 39у өлкө сыртындагы Түркмөнстандын дипөкүлчүлүктөрүнүн алдында болот", - деп билдирген ал.

2017-жылдын 12-февралына белгиленген Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо 9 талапкер ат салышууда. Шайлоого 3223 улуттук байкоочу көз салат. Андан сырткары КМШ, ШКУ, ЕККУ уюмдарынан эл аралык байкоочулар да чакырылган.

Түркмөнстандын өткөн жылдын сентябрында бекитилген жаңы Конституциясына ылайык, өлкө президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат.

XS
SM
MD
LG