Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Нарын облусу учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөттү


Нарын облусу Дача СУ айылына жардам алып келди
Нарын облусу Дача СУ айылына жардам алып келди

Учак кырсыгынан жабыркаган Дача СУ айылына Нарын облусунан жардам көрсөтүлдү. Окуяга байланыштуу түзүлгөн облустук комиссиянын төрайымы, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраеванын "Азаттыкка" маалымдашынча, кырсык болор замат облус аймагында жардам жыйноо боюнча эки пункт ачылган, алар 31-январга чейин иштеди.

Бүгүнкү күнгө карата элден чогулган 1 миллион сомго жакын каражат ӨКМнын атайын эсебине которулду. Ал эми мекеме-уюмдарда иштеген жамааттардын айлык маянасынан жыйналган 5 миллион сомдук каражат жакынкы күндөрү которулат.

Жети тонналык оор жүк ташуучу машина 2-февралда Дача СУга жеткирилди.

- 20 мүшөк ун жана башка азык-түлүк, жалаң жаңы төшөнчү жана кийим-кече. Ар ким колунан келген жардамын берди. Айрымдар бир банка кыям, биртике сары майы болсо да алып келип беришти. Акча чогултууга облус аймагында жашаган улуттук диаспора өкүлдөрү да катышты. Тилекке каршы, каза болгондор арасында Нарын тургундары да бар эле. Ошол үч үй-бүлөгө облустук акимчиликтен ар бирине 30 миң сомдон жардам көрсөтүлдү, - дейт Ибраева.

16-январдын таңында Бишкектеги "Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамындагы учак кулап, 39 адамдын өмүрүн кыйган. (RK)

XS
SM
MD
LG