Баткен облусунун аймагында бүгүн күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Ош облусунда да сезилген силкинүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, саат 10:36да катталды.
Баткен шаарында жана анын Кызыл-Жол, Базар-Башы айылдарында жердин силкинүүсү катуу байкалган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, силкинүү учурунда эл дүрбөлөңгө түшүп, имараттардан сыртка качып чыгышкан. (SE)