Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:12

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков VIII кышкы Азия оюндарына аттанып жаткан хоккей боюнча улуттук курама команда менен бүгүн Бишкек шаардык муз аянтында жолукту. Аларга таймашта ийгилик каалап, спикердин резервдик фондунан 100 миң сом берди жана өлкө желегин тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган команда Турсунбековго 22-номурдагы футболкасын эстеликке тапшырышты.

Хоккей боюнча улуттук курама команда 2011-жылы Астана шаарында өткөн VII кышкы Азия оюндарынын "С" тайпасында жеңишке жеткен. 2014-2015-жылдардагы кышкы Азия чакырык оюндарында күмүш жана коло медалдарды багынтышкан.

Жапонияда өтө турган VIII Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан 33 спортчу барат. Анын көбү хоккейчилер.

Азия оюндары 19-26-февралда өтөт. Жалпысынан спорттун 11 түрүнөн 64 топтом медалдар ойнотулат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG