6-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо, ашууларда жана капчыгайларда кар көчкү коркунучу бар. Жолго кар күрткүсү топтолот. Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.
4-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Айрым жерлерде бурганак болот. Зымдарга жана дарактарга суу кар жармашат. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз -5...-10,
Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз -5...-10,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...-7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -10...-15,
Тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -10…-12, күндүз -6…-8 градус суук болот.