Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:19

АКШнын БУУдагы жаңы элчиси Орусияга каршы санкциялар алынбасын билдирди


Никки Хейли
Никки Хейли

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы жаңы элчиси Никки Хейли Орусиянын Украина чыгышындагы аракетин кескин сындап, Москвага каршы санкциялар алынбай турганын эскертти.

Хейли 2-февраль күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШнын элчиси катары ант бергенден кийин:

-Крым Украинанын бөлүгү болуп саналат. Орусия жарым аралга орноткон көзөмөлдү Украинага өткөрмөйүнчө санкциялар күчүн жоготпойт,- деди.

Орусия 2014-жылдын жазында Крымды аннексиялап алган. Орусиянын бул кадамын дүйнөнүн 99 мамлекети мыйзамсыз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG