- Түндүк Корея АКШнын өнөктөштөрүнө ядролук чабуул койсо, дароо катаал жооп кайтарылат, - деп билдирди Сеулдагы иш сапары маалында Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис. АКШнын жаңы коргоо министринин чет өлкөгө биринчи сапары Түштүк Кореядан башталды. Бейшембиде Жеймс Мэттис Түштүк Кореянын өкмөт башчысы, президенттин милдетин аткаруучу Хван Ге Ан менен жолугушту. Мэттис Вашингтон менен Сеулдун кызматташуусу тереңдеп баратканын билдирди.
Анын алдында Жаңы жылдык кайрылуусунда коммунисттик Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын континенттер аралык баллистикалык ракетанын даярдыгы аяктап калганын билдирген эле. АКШ бийликтери агрессивдүү саясатынан баш тартмайынча, Пхеньян аскердик потенциалын бекемдей берерин Ким Чен Ын ырастады.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп кызматка киришердин алдында Түндүк Кореяга ядролук ракета жасашына жол бербесин билдирген. Пхеньян өткөн жылы эки атомдук бомбаны сыноодон өткөрүү жана бир нече ракета учуруулары менен аймактагы коопсуздукка байланышкан тынчсызданууларды жараткан эле.