Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Кабардино-Балкарияда террорчу деп шектелген кыргыз жараны кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кабардино-Балкариянын күч органдары террордук топко мүчө деп шектелген эки кишини кармады. Алардын бири кыргызстандык, экинчиси орусиялык экенин РИА Новости расмий булактарга таянып 3-февралда жазды.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жигит 21, орусиялык шериги 20 жашта. Алар Сирияга барып, террордук уюмдун жоочуларына кошулууга аттанышканы, жихадчылар менен интернеттен таанышканы аныкталган.

Колго түшкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иши козголду. Орусиянын мыйзамдары боюнча, алар 20 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Кабардино-Балкария Орусиянын курамына кирген республика.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, 2013-жылдан бери Кыргызстандан Сирияга 600 чамалуу киши кеткени такталган. Алардын 70тен ашууну ошол жакта көз жумган.

XS
SM
MD
LG