Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:36

Луврда бычак менен куралданган кишини аскер жарадар кылды


Парижде бычак менен куралданган киши Лувр музейине кирүүгө аракеттенгенде куралдуу күчтөрдүн жоокери ок ачып, жарадар кылды. Шаар полициясынын башчысы Мишел Кадо беш ок атылганын, шектүү адам оор жараат алганын билдирди. Аскер да жеңил жараат алды.

Кадонун айтымында, "Аллах акбар" деп кыйкырган кишинин жанында эки рюкзак табылган, бирок аларда жардыргычтар жок болуп чыкты. Ал жалгыз болчу деп болжолдонууда, бирок музейдин жанында дагы бир шектүү киши кармалды.

Луврдын маалымат өкүлү музей убактылуу жабылганын айтып, бирок эвакуация жөнүндөгү кабарларды тастыктаган жок. Париждеги бул музей туристтер эң көп келген маданий жайлардын бири.

XS
SM
MD
LG