Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:07

Чет өлкөдөгү түркмөндөр добуш бере баштады


Түркмөнстандын чет өлкөлөрдө жашаган жарандары 12-февралдагы президенттик шайлоо алдында добуш бере башташты. Буга чейин маалымат каражаттары ал өлкөнүн Орусиядагы элчисине шилтеме берип, эрте шайлоо 2-11-февраль күндөрү уюштуруларын кабарлашкан. Чет өлкөлөргө кетип жаткан, шайлоо күнү добуш бере албагандар өз эркин алдын ала билдире алышат.

Президенттикке тогуз талапкер, анын ичинде азыркы мамлекет башчы Гурбангулы Бердимухаммедов каттоодон өткөн. Өткөн сентябрда кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, президент жети жылга шайланат.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы белгилегендей, өнөктүк жакындаган сайын мамлекеттик маалымат каражаттарында азыркы президенттин саясатын мактаган материалдар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG