Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Алексей Навальный шайлоо өнөктүгүн токтотпойт


Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный айып тагылса да шайлоо өнөктүгү токтобой турганын "Кировлестин" иши боюнча соттогу акыркы сөзүндө айтты. Навальный ошондой эле аны менен кошо соттолуп жаткан бизнесмен Петр Офицеровдун эч кандай күнөөсү жок экенин белгиледи. Прокурор Навальныйды беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну жана 500 миң рубль айып салууну сурап жатат.

Соттун өкүмү 8-февралда угузулмакчы. Сот Навальныйга Кировдон чыгууга уруксат берди.

2013-жылы Навальный менен Офицеров "мамлекеттик мүлктү кымыр алды" деген айып менен шарттуу кесилишкен. Бирок Адам укуктары боюнча Европа соту бул чечимди адилетсиз деп баалаган. Орусиянын Жогорку Соту "Кировлестин" ишин кайра кароого жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG