АКШнын Финансы министрлиги Иран менен байланышы бар 13 кишиге жана 12 компанияга каршы санкция киргизди.
3-февралда жарыяланган жазалоочу чараларга ирандыктар жана кеминде бир кытайлык кабылды. Компаниялар болсо Ливан, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан. Бир нече күн мурун Вашингтон баллистикалык ракетаны сыноо үчүн Тегеранга эскертүү жасалганын билдирген.
Ирандын коргоо министри генерал Хосейн Дегхан 1-февралда сыноо жүргүзүлгөнүн бышыктап, бирок ал качан болгонун, ракетанын кандай түрү сыналганын тактаган жок.
АКШнын расмий адамдары 29-январда орто аралыкка учуучу баллистикалык ракета болгонун айтышкан.