Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:14

Ошто көчкү басып бир аскер каза болду


Иллюстрация

Ош-Кызыл-Жар жолунда өткөн түнү кар көчкү жүрүп, бир чек арачы каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, "УАЗ Хантер" автоунаасы менен төрт аскер Кызыл-Жар айылына бараткан. Терек-Чаты деген жерде унааны кар көчкү басып калган. Аскерлер унаадагы карды тазалап жатканда экинчи жолу көчкү жүрүп, аскерлердин бирин басып калган.

Окуя болгон жерге жол тейлөө кызматкерлери келип, сержанттын сөөгүн алып чыгышты. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG