Коомдук талкууга Жогорку Кеңештеги сегиз аял депутат, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Коомдук талкууда үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуунун жол-жобосу, көрүлүп жаткан чаралар талкууланып жатат. Талкуу Улуттук демократиялык институттун көмөгү менен уюштурулган.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги Аялдар форумунун төрайымы, депутат Элвира Сурабалдиева бул талкууга парламенттеги фракция башчылары чакырылганына карабай, ага маани бербей койгонун сындап чыккан эле.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйгөн. Мунун ичинен 70 пайызга жакыны уруп-сабоо, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп эсептелет. (BkA)