Парижде Лувр музейинин жанында аскерди бычактаган адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 29 жаштагы египеттик Абдулла Рела ал-Хамами болуп чыкты.
Париждин прокурору Франсуа Моленстин айтымында, кылмышка шектүү Францияга Дубайдан туристтик виза менен келген.
Учурда полиция ал-Хамаминин өнөктөштөрүн издөөдө.
Жума күнү Парижде бычак менен куралданган киши Лувр музейине кирүүгө аракеттенгенде куралдуу күчтөрдүн жоокери ок ачып, жарадар кылган. Шаар полициясы беш ок атылганын, шектүү адам оор жараат алганын билдирген. Аскер да жеңил жараат алды.
Франциянын премьер-министри Бернар Казнев кол салуу “террордук мүнөздө” болгонун билдирген.