Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Өкмөт: тигүүчүлөргө суроо-талап жогору


Өкмөт былтыр тигүү тармагында өндүрүш көлөмү жогорулаганын билдирди. Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, акыркы бир жылда Орусия жана Казакстандан тигүү буюмдарына буйрутмалардын өсүшү байкалган.

“Бүгүнкү күндө тигүү ишканаларында өндүрүш толук көлөмдө ашыкча кубаттуулукта иштеп жатат. Буйрутмалар ири көлөмдө келип жаткандыктан, ишкерлер жумушчу кадрлардын – тигүүчүлөрдүн жетишсиздигине туш болду", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Өкмөт мындай маалыматты Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жооп катары таратты. 2-февралда Текебаев өкмөттүн ишин сындап, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулган соң өндүрүш, анын ичинде тигүү тармагы начарлаганын айтып чыккан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG